БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУНДА ЖАҢЫ 100 ОРУНДУУ ЖАНА 60 ОРУНДУУ БАЛДАР БАКЧАСЫ АЧЫЛДЫ

Бүгүн 2021-жылдын 15-сентябрь күнү Базар-Коргон шаарына караштуу Совет айылында 100 орундуу “Ак-Кеме” балдар бакчасынын ачылыш аземи болуп, пайдаланууга берилди. Аталган иш-чарага КР Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т.Сыргабаев, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Дж.М.Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин экс депутаты А.Масабиров жана мекеме, уюмдун жетекчилери катышышты. Балдар бакчасынын курулушу Республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык баасы 24,7 млн сомду түзөт.

Ушул эле күнү Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылында  элдик салымдан жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган 60 орундуу балдар бакчасынын ачылыш аземи болуп,   пайдаланууга берилди. Балдар бакчасынын жалпы сметалык баасы 5,1 млн сомду түзөт.

МУГАЛИМДЕРДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ

Бүгүн, 2021-жылдын 14-сентябрь күнү Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган “Сапаттуу билим берүү жана руханий адеп-ахлактык тарбия – өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи” темасындагы мугалимдердин педагогикалык конференциясы болуп өттү.

Конферецияга райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Дж.М.Сатыбалдиев райондук мекеме, уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору катышышты.

Конферециянын жүрүшүндө тарбиялоо иштериндеги жетишкен ийгиликтери жана билим сапатын жакшыртууга кошкон салымы үчүн бир катар мугалимдерге баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана “Ардак грамоталар” тапшырылды.

БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫГЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Базар-Коргон районунда 2021-жылдын 31-август күнү Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата чоң майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Ага Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Джанысак Сатыбалдиев, жергиликтүү бийлик жетекчилери, мекеме ишкана жамааттары жана тургундар катышты.
Саамалыкта сөз сүйлөгөн район башчысы-аким жалпы катышуучуларды куттуктап, эгемендүүлүк өлкөнүн эң башкы байлыгы экенин белгиледи.
Майрамдык иш-чарада райондук күч түзүмдөрүнүн жана мекеме-ишканалардын жамааттары салтанаттуу жүрүштөн өтүштү.

ЖАШТАР БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

6-июль күнү Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарындагы #68 Г.Абдурахманов көчөсүндө жайгашкан маданият үйүнүн экинчи кабатында Жаштар борбору ачылды. 2020-жылдын 25-ноябрында БУУ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Базар-Коргон мэриясынын ортосунда кызматташтыктын үч тараптуу келишимине кол коюлган. Бул кызматташтыктын максаты-жаштар саясатын ишке ашыруу, жергиликтүү жаматтын туруктуулугун чындоо жана регионалдык кызматташтыкты күчөтүү, күч колдонулган экстремизмдин алдын алуу, өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана тараптардын ортосундагы узак мөөнөттүү натыйжалуу кызматташтыкты өнүктүрүү. Жаштардын саясатын өнүктүрүү максатында Япониянын Өкмөтү каржылаган БУУнун “Борбор Азиядагы зомбулук экстремизмдин алдын алуу үчүн жамааттардын туруктуулугун жана аймактык кызматташтыкты чындоо” долбоорунун алкагында жаштар борборуна кеңсе эмеректер, шаймандар жана жабдуулар алынды.
Жаштар борборунда түзүлгөн жагымдуу шарттар, мүмкүнчүлүктөр жаштардын өз дараметтерин, демилгелерин, өз шаарынын өнүгүшүнө пайдаланууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жардам берет. Бул борбор жаштар менен дагы да тыгыз иштешүүгө, алардын жергиликтүү деңгээлде туруктуу жана бейпил өнүгүшүнө колдоо көрсөтөт.
Жаштар борборунун ачылуу аземине Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Дж.Сатыбалдиев, КРӨ Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкери У.Исмаилов, БУУнун өнүгүү программасынын жетекчиси Э.Уразбаева, КРӨ караштуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик Агенттиктин директорунун орун басары С.Надырбеков, Япония мамлекетинин Элчилигинин өкүлү А.Букалаевдер соз суйлоп, жаштарга ийгиликтерди каалашты. Салтанаттуу ачылуу аземинде жаштарга чакан концерттик программа уюштурулуп, Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик Агенттиктин директорунун орун басары менен жаштар маек курушту.

Жыл жыйынтыгы чыгарылды

Базар-Коргон районунун 2020-жылдагы жалпы ишмердигинин жыйынтыгы чыгарылды. Кечээ 22-январь күнү Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондук мамлекеттик администрациянын коллегиясынын жыйыны өтүп, анда “2020-жылдын жыйынтыгы менен Базар-Коргон районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы  жана  2021-жылга  милдеттер  жөнүндө” маселе каралды.

Коллегиянын жыйынын райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Бакыт Козуев алып барып, ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызакбеков, “Жалал-Абад-Балыкчы” автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Камил Абдыкалыков, “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун  башкы директору Дурусбек Рахманов, Жалал-Абад бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчысы Таалайбек Абдувалиев катышты.

Күн тартибиндеги маселе боюнча район жетекчисинин биринчи орун басары Нургазы Нармырзаев доклад жасап, өткөн жылдагы район аймагындагы аткарылган иштер, жаратылган ийгиликтер жана келин чыккан көйгөйлөр тууралуу кеңири кеп болду. Ошондой эле жыл ичинде жакшы иштери менен көрүнгөн бир катар эмгек жамааттарына, жетекчилерге, айыл аймактарына сыйлыктар ыйгарылды.

Эң башкысы, быйылкы жылда ишти жакшыртуу жана алдыдагы милдеттерди толук кандуу ишке ашыруу боюнча кеп козголду.