Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы Базар-Коргон районун орто мөөнөткө социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча Координациялык кеңештин курамына талапкерлерди тандоо боюнча сынак жарыялайт.
Сынакка Базар-Коргон районунун төмөндөгү өкүлдөрү катыша алышат:
– Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү;
– Коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдардын;
– Бизнес коомчулугунун, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотторунун өкүлдөрү;
– Тышкы көз карандысыз эксперттер.
Конкурска катышуу үчүн кызыкдар тараптар 2024-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө өз резюмесин жана тиркеме түрүндө өтүнмө формасын толтуруу керек. Өтүнмөнүн формасын бул жерден жүктөп алсаңыздар болот.
Документтердин топтомун Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын bazarkorgon.rga@mail.ru эл.дарегине же жалпы бөлүмгө тапшыруу зарыл.