ЖАРЫЯ

 

 

Өнөр жай багытында жер аянтын берүү жөнүндө

 

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы Акман айыл аймагынын Адыр участкасындагы мамлекеттик менчикте турган 1,0 га өнөр жай алдындагы жер аянтына конкурс жарыялайт.

Максатуу багыты: Өндүрүш багыты

Пайдалануунун максаты: Өндүрүштүк бышык кыш заводун куруу;

Конкурс өткөрүлүүчү күн: 02.06.2026-жыл   саат- 14:00

Өткөрүлүүчү дарек: Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы 2-этаж кичи зыйындар залы.

Кепилдик төлөмү: 1598 сом  (4408031101004380)

конкурстун шарттары: Конкурстун катышуучуларын каттоо конкурс башталганга чейин 1 саат мурда башталат. Райондук комиссиянын катчысы мөөнөтүндө берилген өтүнмөлөрдү кабыл алууда конкурстук документтер салынып, тиркелген конверттер менен өтүнмөлөрдү кабыл алуу жөнүндө маалымдаманы катышуучуларга берет жана жазуулары, белгилери жок кабыл алынган конверттерди мөөр менен күбөлөндүрөт.

Ижара акысы: 15 975. (1 айга.)

Байланыш дареги: Базар-Коргон  райондук мамлекеттик администрациясы              3- этаж  № 16 каб.

Тел (03736) 5-00-25

ЖАРЫЯ

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы, мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим – Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык-экономикалык, Гуманитардык тармактарында.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө» Жарлыгы.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

– “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”; “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”,

– “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамдары.

– КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” № 120 токтому.

Билгичтиги:

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

проблемалаларды талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

Көндүмдөрү:

– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

-компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

– Комиссия төрагасынын атына жарган өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны, ПИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

– негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).

– талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №759 Токтому менен белгиленген форма боюнча).

Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.

Арыз берүүнүн мөөнөтү 2025-жылдын 22-сентябрнан баштап 3-октябрына чейин.

Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Базар-Коргон шары, Б.Осмонов көчөсү 170. (Персонал менен иштөө боюнча кызматкер), сурап билүү тел: 0(3736) 5-01-07, 5-00-10.

ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

ЖАРЫЯ

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы Базар-Коргон районун орто мөөнөткө социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча Координациялык кеңештин курамына талапкерлерди тандоо боюнча сынак жарыялайт.

Сынакка Базар-Коргон районунун төмөндөгү өкүлдөрү катыша алышат:

– Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү;

– Коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдардын;

– Бизнес коомчулугунун, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотторунун өкүлдөрү;

– Тышкы көз карандысыз эксперттер.

Конкурска катышуу үчүн кызыкдар тараптар 2024-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө өз резюмесин жана тиркеме түрүндө өтүнмө формасын толтуруу керек. Өтүнмөнүн формасын бул жерден жүктөп алсаңыздар болот.

Документтердин топтомун Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын bazarkorgon.rga@mail.ru  эл.дарегине же жалпы бөлүмгө тапшыруу зарыл.

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы ачык сынак жарыялайт

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик жарандык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим – Юриспруденция тармагында.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
– Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө» Жарлыгы.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо” жөнүндө Мыйзамдары.
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” № 120 токтому.
Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

– өздүк арыз;
– өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– резюме сүрөтү жана электрондук почтаны көрсөтүү менен;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).
Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.

Арыз берүүнүн мөөнөтү 2024-жылдын 1-февралынан баштап 15-февралына чейин.

Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Базар-Коргон шары, Б.Осмонов көчөсү 170. (Персонал менен иштөө бөлүмү), сурап билүү тел: 03736 5-01-40, 5-00-10.

ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.