ЖАРЫЯ

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы Базар-Коргон районун орто мөөнөткө социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча Координациялык кеңештин курамына талапкерлерди тандоо боюнча сынак жарыялайт.

Сынакка Базар-Коргон районунун төмөндөгү өкүлдөрү катыша алышат:

– Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү;

– Коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдардын;

– Бизнес коомчулугунун, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотторунун өкүлдөрү;

– Тышкы көз карандысыз эксперттер.

Конкурска катышуу үчүн кызыкдар тараптар 2024-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө өз резюмесин жана тиркеме түрүндө өтүнмө формасын толтуруу керек. Өтүнмөнүн формасын бул жерден жүктөп алсаңыздар болот.

Документтердин топтомун Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын bazarkorgon.rga@mail.ru  эл.дарегине же жалпы бөлүмгө тапшыруу зарыл.

ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ФОРУМ ӨТТҮ

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссия менен биргеликте зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча Профилактикалык форум уюштурулду
Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июнундагы № 82 “Укук бузуулардын алдын алуу жѳнүндѳгү”, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 “Үй-бүлѳлүк зордук зомбулуктан сактоо жана коргоо жѳнүндѳгү”, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 82 “Билим берүү жѳнүндѳгү”, “2023-жылдын 22-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши кабыл алган “Кыргыз Республикасынын жарандардын саламаттыгын сактоо жѳнүндѳгү” Мыйзамдарына ылайык балдарга карата ырайымсыз мамилелерди, зордук-зомбулуктун жана турмуштук оор кырдаалга кабылган жашы жете элек балдары бар үй-бүлөлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында, 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын, 2021-2026-жылдарга инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциясын, 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын, Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программасын, 2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясын, Бириккен Улуттар Коопсуздук Кеңешинин Тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда айымдардын ролу жөнүндөгү 1325- резолюциясын, 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 токтомдорун жетекчиликке алып жана аткаруу максатында:
2024-жылдын 26-февралында Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында жашы жете элек ѳспүрүмдѳрдүн арасында кылмыштуулуктун (суициддин, зордук-зомбулук, рэкетчилик, уурулук, тоноочулук, топтолушуп мушташуу), радикализм жана экстремизмге бѳгѳт коюу боюнча, наркотикалык заттарды, алкоголдук ичимдиктерди жана тамекини колдонуунун зыяндуулугу боюнча, коррупция жана адам сатуу, кыз ала качуу, эрте жашта никеге туруу кѳрүнүштѳрдүн алдын алуу, ошондой эле этностор аралык ынтымагын бекемдѳѳ жана Кыргыз жараны деп жарандардын ѳзүн таануусун калыптандыруу боюнча форум болду.
ФОРУМДУН МАКСАТЫ:
жашы жете элек ѳспүрүмдѳрдүн арасында кылмыштуулуктун (суициддин, зордук-зомбулук, рэкетчилик, уурулук, тоноочулук, топтолушуп мушташуу), радикализм жана экстремизмге бѳгѳт коюу боюнча, наркотикалык заттарды, алкоголдук ичимдиктерди жана тамекини колдонуунун зыяндуулугу боюнча, коррупция жана адам сатуу, кыз ала качуу, эрте жашта никеге туруу кѳрүнүштѳрдүн алдын алуу, ошондой эле этностор аралык ынтымагын бекемдѳѳ жана Кыргыз жараны деп жарандардын ѳзүн таануусун калыптандыруу

Форумга Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- акимдин орун басары А.С.Сансызбаева, 136 мечиттердин имамдары, айыл башчылар, аксакалдар, аялдар, жаштар кенештери, Коомдук Алдан Алуу Борборлорунун ѳкүлдѳрү, айыл аймактардын соц.адистери жана мектептердин директорлору жана соц.мугалимдери, спорттук тренерлер катышышты.

ФОРУМДУН ЖҮРҮШҮНДӨ:
“Балдардын укуктары боюнча” Базар-Коргон райондук билим берүү бѳлүмүнүн адиси Мусалиев Анарбек Тыныбекович, “Жашы жете электердин арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери боюнча”Базар-Коргон райондук ички иштер бѳлүмүнүн жашы жете электер менен иштѳѳ инспециясынын улук инспектору, милициянын улук лейтенанты Арген Мусабаев “Жашы жете электерге карата зордук-зомбулуктун, алардын арасында наркотикалык заттарды колдонуунун алындын алуу боюнча” жана видеороликтер менен Жалал-Абад шаардык ички иштер бѳлүмүнүн жашы жете электер менен иштѳѳ инспекциясынын улук инспектору Кыдырова Самара Эсенбаев “Эрте жашта никеге туруунун алдын алуу боюнча” түшүндүрдү.
Базар-Коргон районунун прокурорунун орун басары Токтосунов Ильясбек Каримжанович “КР жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөгү” Мыйзамынын 61-беренеси боюнча Балдардын жана жашы жете электердин укугу жөнүндө Ноокен райондор аралык оорууларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Базар-Коргон бөлүмүнүн башчысыАбдалова Бубажар Абдыкадыровна “Коррупциянын алдын алуу боюнча” айтты.
Базар-Коргон районунун прокурорунун жардамчысы Сагыналиев Бексултан Майрамбекович “Этностор аралык мамилелердин ынтымагын бекемдѳѳ, Кыргыз жараны деп жарандардын ѳзүн таануусун калыптандыруу, жаштардын маселери боюнча” Этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча коомдук кабылдаманын жооптуу катчысы Досов Эмилбек Исмаилович жана Базар-Коргон районунун имам-хатиби Икрамов Нармамат ажы, Базар-Коргон районунун аялдар кеңешинин тѳрайымы Абдрахманова Батма Артыкмаматовна, Базар-Коргон районунун аксакалдар кеңешинин тѳрагасы Тойчиев Абдибаит Караевичтер сөз сүйлөштү.
Форумдун жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынып, аткаруу үчүн жер жерлерге жѳнѳтүлѳт.

ТАЖИК-АФГАН АРДАГЕРЛЕРИНИН КООМДУК БИРИКМЕСИНЕ 25 ЖЫЛ

Бүгүн 25-февраль күнү Базар-Коргон районунда Тажик-Афган ардагерлеринин коомдук бирикмесинин түптөлүшүнүн 25 жылдык мааракеси өтүп, салтанатуу иш чарага Таш-Көмүр шаарынын мэри Келсинбек Бектемиров, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчыс-аким Таалайбек Ишенбеков, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Карагулов, Авган согушунун ардагерлери, аскер комиссы, майор Эмилбек уулу Нурлан жана мааракенин коноктору катышты.
Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Карагулов ардагерлерди куттуктоо сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолду:
“Урматтуу Тажик-Афган согушунун ардагерлери жана бүгүнкү салтанаттуу жыйындын катышуучулары! Сиздерди Тажик-Афган чек арасында тынчтыкты орнотуу ардагерлеринин коомдук бирикмесинин түптөлүшүнүн 25 жылдык маарекеси менен куттуктайм! Сиздерге чын ден-соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, иштеринизде ийгилик каалайм.
Бүгүнкү күндө Базар-Коргон райондук аскер комиссариатында 115 Таджик-Афган чек арасында согушка катышкан жоокерлер каттоодо турат. Биздин жердештерибиздин көрсөткөн эрдиктери эч качан унутулбайт, алардын көрсөткөн эрдиктери менен сыймыктанабыз жана өсүп келе жаткан жаш муундарга ар дайым үлгү катары Мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка тарбиялоодо кошкон салымдары чоң. Тажик-Афган чек арасында согушка катышкан ардагерлер жаштарга тарбия берүүдө активтүү катышып келет. Мындан аркы жашообузда тынчтык, токчулук, молчулук болсун”.
Эскерте кетсек, 1989-жылы Советтик аскерлер Афган жергесинен чыгарылгандан кийин 1991-жылы Союз тарап Тажик-Афган чек арасы ачык калган, 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталып, Афганистандан душмандар өтүп кырдаал күчөп кеткен. Ошол учурда Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттери Тажик-Афган чек арасын коргоого алышкан. 1992- жылы Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигинин “Атайын тоо-аткычтар батальону” Таджик-Афган чек арасына биринчилерден болуп киргизилген, кыргыз жоокерлери Тажик-Афган чек арасынын жүз чакырым аралыкты кайтарып турушкан.
1992-жылдан 1999-жылга чейин кыргыз жоокерлери Тажик- Афган чек арасында турушкан жети жыл аралыгында 3000ден ашык аскердик кагылышуу катталып, курман болгондор жана жарадар болгондор болгон. 1993-жылы аталган жоокерлерге “Интернационалист” деген статус берилген. 2004-жылы Кыргызстан чет жака чыгып, аскердик миссияларга катышкан эмес деп, статусту алып коюшкан. Бирок 2023-жылы архивтен тиешелүү документтер такталып, кайрадан “Интернационалист” статусу кайтарылган.
Азыркы учурда Тажик-Афган согушунун катышуучулары Эгемендүү Кыргызстандын эң алгачкы ардагерлеринин катарына кирет жана ардагерлерге мамлекет тарабынан ар-тараптуу жеңилдиктер каралган.
Тажик-Афган согушуна Кыргызстандан 3000 (үч миңден ) ашык жоокер катышкан. Эң көп жоокерлер Базар-Коргон районунда катталган. 1999-жылы 25-февралда Кыргызстан өзүнүн жоокерлерин Таджик-Афган чек арасынан алып чыгып кеткен.
Ардагерлерди коомдук бирикменин 25 жылдык мааракеси менен куттуктайбыз, алардын кызматы эч качан унутулбайт, келечекке кошкон салымы баа жеткис. Бүгүн ардагерлер ардак грамоталар, сыйлыктар, төш белгилер менен сыйланышты. Базар-Коргон райондук маданият үйүнүн таланттуу кызматкерлери концерттик программа менен ардагерлерди куттукташты.

23-ФЕВРАЛЬ АТА-МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАР КҮНҮ

 

Урматтуу Базар-Коргон районунун тургундары!
Сиздерди бүгүнкү ата-мекенди коргоочулар күнү менен куттуктаймын!
23-февраль – бул аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын, агаларыбыздын жана уулдарыбыздын эрдиктерин эскерип, тынчтыктын жана коопсуздуктун сакчылыгында тургандар менен сыймыктана турган күн.
Бул майрам муундардын үзүлбөс байланышын чагылдырат. Мекенге берилип кызмат кылуунун, символу болуп саналат. Аймактын бүтүндүктү жана ата мекенибиздин келечегин сактоо биздин каарман жоокерлердин, намыскөй уул-кыздарыбыздын мекенчил сезимин курчутат деп ишенем.
Ата мекенди коргоочу — бул чеп бетинде турган жоокер болсо, ал эми биздин экономикабызга, саламаттык сактоого, билим берүүгө, маданиятыбызга жана идеологиябызга күн сайын эмгеги менен зор салымын кошкон ар бир атуул болуп саналат.
Ушул майрам күнү жүрөгү кыргыз жери, кыргыз эли деп соккон, жандили менен мекенине күйгөн ар бир атуулубузга күч-кубат тилейм, чың ден-соолук, бакыт-таалай, бейпил жана бакубат турмуш каалаймын!
Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Мирлан Карагулов

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы ачык сынак жарыялайт

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик жарандык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим – Юриспруденция тармагында.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
– Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө» Жарлыгы.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо” жөнүндө Мыйзамдары.
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” № 120 токтому.
Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

– өздүк арыз;
– өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– резюме сүрөтү жана электрондук почтаны көрсөтүү менен;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).
Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.

Арыз берүүнүн мөөнөтү 2024-жылдын 1-февралынан баштап 15-февралына чейин.

Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Базар-Коргон шары, Б.Осмонов көчөсү 170. (Персонал менен иштөө бөлүмү), сурап билүү тел: 03736 5-01-40, 5-00-10.

ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

1-октябрь Улгайган адамдардын Эл аралык күнү менен Акимдин куттуктоосу

Урматтуу Базар-Коргон районунун аксакалдуу аталары жана ак элечек апалары!
Сиздерди 1-октябрь Улгайган адамдардын Эл аралык күнү менен Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Биздин карылар көптү көргөн, кээ бирлери согушка да катышкан. Мындай адамдар өтө айкөл болушат, анткени алардын жашоо артында эбегейсиз зор тажрыйба бар. Бизди көптөгөн пайдалуу нерселерге үйрөтүп, кызыктууларды айтып бере алат.

Улгайган адамдардын аракети аркылуу биз азыр бакубат жашоодо өмүр сүрүүдөбүз. Боорукерлик, кайрымдуулук ар бирибизде болушу зарыл. Жакшылык, асылзаттык, сый-урмат үй-бүлөөдөн башталат.
Биз улуу муундун өкүлдөрү болгон ардактуу аталар, ак саамайлуу энелерди өлкөбүздүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин ар дайым бийик баалайбыз. Базар-Коргон районунда 90 жаштан ашкан 162 жана 100 жаштан ашкан 4 улгайган адамдар бар.

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата 15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Улууларга камкордук” аттуу 1 айлык акция жарыяланып, 62 жалгыз бой карыяларды мекеме, ишканалар шефтике алышкан.
Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!

Сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм! Баарыңыздарга бекем ден-соолук, узун өмүр, бактылуу каарылык каалайм!

Карагулов Мирлан Кынатбекович, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким

“Каада-салтын, тилин бузбай сактаган, эгемендүү элим менен мактанам” аттуу фестиваль болуп өттү

2023-жылдын 22-сентябрь күнү 23-сентябрь “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына карата, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында “Каада-салтын, тилин бузбай сактаган, эгемендүү элим менен мактанам” аттуу фестиваль болуп өттү.

Фестивалга Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким М.Карагулов, орун басары А.Сансызбаева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Жалилов, мектептер, бала бакчалар, мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышышты.

Фестивалда кыргыз тилин, улуттук наркты жана кыргыз жаранын данктаган доклад, хор, “Манас” урааны, “Манас” эпосунан үзүндү, “Кара жорго”, кыргыз бийлери, көркөм окуулар, комуз күүсү, комуз коштоосунда ырлар, акыйнек, кыз узатуу адабий көрүнүштөр көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында катышуучуларга райондук мамлекеттик администрациясынын дипломдору жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

Базар-Коргон районунда массалык ишембилик уюштурулду.

Бүгүн, 2023-жылдын 16-сентябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында, райондун аймагында массалык ишембилик уюштурулду.

Ишембиликке райондук мамлекеттик администрациянын аппарат кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-ишканалардын жамааттары жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Ишембиликтин алкагында, туристтик аймактар, токойлор, жолдор, Базар-Коргон-Арстанбап-Кызыл-Үңкүр жана Ош-Бишкек автоунаа жолдордун жээктери таштандылардан тазаланды.

Базар-Коргон районунда жалпы ишембилик өткөрүлдү

2022-жылдын 6-август күнү Базар-Коргон районунун аймагында айлана- чөйрөнү иретке келтирүү максатында “Тазалык айылыбызга, таза айыл баарыбызга!” аттуу ишембилик уюштурулду.
Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери ишембиликке чыгып, тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Ишембиликте Ош-Бишкек жана Базар-Коргон-Арстанбап-Кызыл-Үнкүр жолдорунун жээктери таштандылардан тазаланды.
Районубуздун тургундарын жана жол жүргүнчүлөрдү айлана чөйрөгө аярлуу мамиле жасап таштанды таштабоого чакырабыз

СОЦИАЛДЫК ДҮКӨН ИШКЕ КИРИЗИЛДИ

2022-жылдын 8-август күнү Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон шаарындагы “Гүлкайыр” соода борборунда социалдык дүкөндүн ачылышы болуп өттү.
📤Бул дүкөндөн азык-түлүктөрдү базар баасынан арзан баада сатып алсаңыздар болот.
Социалдык дүкөндүн ачылышына Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Дж.Сатыбалдиев жана шаардын мэри Э.Ашыралиев катышты.