Бүгүн 25-февраль күнү Базар-Коргон районунда Тажик-Афган ардагерлеринин коомдук бирикмесинин түптөлүшүнүн 25 жылдык мааракеси өтүп, салтанатуу иш чарага Таш-Көмүр шаарынын мэри Келсинбек Бектемиров, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчыс-аким Таалайбек Ишенбеков, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Карагулов, Авган согушунун ардагерлери, аскер комиссы, майор Эмилбек уулу Нурлан жана мааракенин коноктору катышты.
Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Карагулов ардагерлерди куттуктоо сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолду:
“Урматтуу Тажик-Афган согушунун ардагерлери жана бүгүнкү салтанаттуу жыйындын катышуучулары! Сиздерди Тажик-Афган чек арасында тынчтыкты орнотуу ардагерлеринин коомдук бирикмесинин түптөлүшүнүн 25 жылдык маарекеси менен куттуктайм! Сиздерге чын ден-соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, иштеринизде ийгилик каалайм.
Бүгүнкү күндө Базар-Коргон райондук аскер комиссариатында 115 Таджик-Афган чек арасында согушка катышкан жоокерлер каттоодо турат. Биздин жердештерибиздин көрсөткөн эрдиктери эч качан унутулбайт, алардын көрсөткөн эрдиктери менен сыймыктанабыз жана өсүп келе жаткан жаш муундарга ар дайым үлгү катары Мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка тарбиялоодо кошкон салымдары чоң. Тажик-Афган чек арасында согушка катышкан ардагерлер жаштарга тарбия берүүдө активтүү катышып келет. Мындан аркы жашообузда тынчтык, токчулук, молчулук болсун”.
Эскерте кетсек, 1989-жылы Советтик аскерлер Афган жергесинен чыгарылгандан кийин 1991-жылы Союз тарап Тажик-Афган чек арасы ачык калган, 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталып, Афганистандан душмандар өтүп кырдаал күчөп кеткен. Ошол учурда Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттери Тажик-Афган чек арасын коргоого алышкан. 1992- жылы Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигинин “Атайын тоо-аткычтар батальону” Таджик-Афган чек арасына биринчилерден болуп киргизилген, кыргыз жоокерлери Тажик-Афган чек арасынын жүз чакырым аралыкты кайтарып турушкан.
1992-жылдан 1999-жылга чейин кыргыз жоокерлери Тажик- Афган чек арасында турушкан жети жыл аралыгында 3000ден ашык аскердик кагылышуу катталып, курман болгондор жана жарадар болгондор болгон. 1993-жылы аталган жоокерлерге “Интернационалист” деген статус берилген. 2004-жылы Кыргызстан чет жака чыгып, аскердик миссияларга катышкан эмес деп, статусту алып коюшкан. Бирок 2023-жылы архивтен тиешелүү документтер такталып, кайрадан “Интернационалист” статусу кайтарылган.
Азыркы учурда Тажик-Афган согушунун катышуучулары Эгемендүү Кыргызстандын эң алгачкы ардагерлеринин катарына кирет жана ардагерлерге мамлекет тарабынан ар-тараптуу жеңилдиктер каралган.
Тажик-Афган согушуна Кыргызстандан 3000 (үч миңден ) ашык жоокер катышкан. Эң көп жоокерлер Базар-Коргон районунда катталган. 1999-жылы 25-февралда Кыргызстан өзүнүн жоокерлерин Таджик-Афган чек арасынан алып чыгып кеткен.
Ардагерлерди коомдук бирикменин 25 жылдык мааракеси менен куттуктайбыз, алардын кызматы эч качан унутулбайт, келечекке кошкон салымы баа жеткис. Бүгүн ардагерлер ардак грамоталар, сыйлыктар, төш белгилер менен сыйланышты. Базар-Коргон райондук маданият үйүнүн таланттуу кызматкерлери концерттик программа менен ардагерлерди куттукташты.

About The Author

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген