Урматтуу Базар-Коргон районунун тургундары!
Сиздерди бүгүнкү ата-мекенди коргоочулар күнү менен куттуктаймын!
23-февраль – бул аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын, агаларыбыздын жана уулдарыбыздын эрдиктерин эскерип, тынчтыктын жана коопсуздуктун сакчылыгында тургандар менен сыймыктана турган күн.
Бул майрам муундардын үзүлбөс байланышын чагылдырат. Мекенге берилип кызмат кылуунун, символу болуп саналат. Аймактын бүтүндүктү жана ата мекенибиздин келечегин сактоо биздин каарман жоокерлердин, намыскөй уул-кыздарыбыздын мекенчил сезимин курчутат деп ишенем.
Ата мекенди коргоочу — бул чеп бетинде турган жоокер болсо, ал эми биздин экономикабызга, саламаттык сактоого, билим берүүгө, маданиятыбызга жана идеологиябызга күн сайын эмгеги менен зор салымын кошкон ар бир атуул болуп саналат.
Ушул майрам күнү жүрөгү кыргыз жери, кыргыз эли деп соккон, жандили менен мекенине күйгөн ар бир атуулубузга күч-кубат тилейм, чың ден-соолук, бакыт-таалай, бейпил жана бакубат турмуш каалаймын!
Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Мирлан Карагулов

About The Author

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген