СОЦИАЛДЫК ДҮКӨН ИШКЕ КИРИЗИЛДИ

Базар-Коргон районунун аймагында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, паспорту жана турак жай салып, жер тилкесине жеке менчик укугун тастыктоочу документтери (мамлекеттик акт) жок жарандарды тактап, тиешелүү деңгээлде иш алып баруу, жеринде көмөк көрсөтүү максатында атайын райондук штаб түзүлүп, бүгүн биринчи оттуруму болуп өттү. Отурумдун жүрүшүндө штаб мүчөлөрүнө жогоруда аталган маселелер боюнча тиешелүү маалыматтарды тактоо иштерин жүргүзүп, калкка даректүү жардамдарды көрсөтүү тапшырмалары берилди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн көмөгү менен Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуурусунда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчылары, жеке ишкерлер аркылуу, районубуздун тургундарына арзан баада көмүрлөр алынып келип сатылууда. Күйүчү отун биринчи кезекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө сатылууда. Ошондой эле райондун тургундарына арзан баады көмүрлөр айыл аймактардын борборунда 1 кг 4 сомдон сатылууда. Райондун тургундарын кышка көмүр менен камсыздоо алдынкы күндөрү дагы улана бермекчи. Азыркы күнгө чейин 406,3 тонна көмүр алынып келип сатылган.
Бүгүн 2021-жылдын 15-сентябрь күнү Базар-Коргон шаарына караштуу Совет айылында 100 орундуу “Ак-Кеме” балдар бакчасынын ачылыш аземи болуп, пайдаланууга берилди. Аталган иш-чарага КР Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т.Сыргабаев, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Дж.М.Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин экс депутаты А.Масабиров жана мекеме, уюмдун жетекчилери катышышты. Балдар бакчасынын курулушу Республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык баасы 24,7 млн сомду түзөт.
Ушул эле күнү Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылында элдик салымдан жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган 60 орундуу балдар бакчасынын ачылыш аземи болуп, пайдаланууга берилди. Балдар бакчасынын жалпы сметалык баасы 5,1 млн сомду түзөт.
Бүгүн, 2021-жылдын 14-сентябрь күнү Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган “Сапаттуу билим берүү жана руханий адеп-ахлактык тарбия – өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи” темасындагы мугалимдердин педагогикалык конференциясы болуп өттү.
Конферецияга райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Дж.М.Сатыбалдиев райондук мекеме, уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору катышышты.
Конферециянын жүрүшүндө тарбиялоо иштериндеги жетишкен ийгиликтери жана билим сапатын жакшыртууга кошкон салымы үчүн бир катар мугалимдерге баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана “Ардак грамоталар” тапшырылды.
Базар-Коргон районунда 2021-жылдын 31-август күнү Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата чоң майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Базар-Коргон районунун 2020-жылдагы жалпы ишмердигинин жыйынтыгы чыгарылды. Кечээ 22-январь күнү Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондук мамлекеттик администрациянын коллегиясынын жыйыны өтүп, анда “2020-жылдын жыйынтыгы менен Базар-Коргон районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана 2021-жылга милдеттер жөнүндө” маселе каралды.
Коллегиянын жыйынын райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Бакыт Козуев алып барып, ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызакбеков, “Жалал-Абад-Балыкчы” автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Камил Абдыкалыков, “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун башкы директору Дурусбек Рахманов, Жалал-Абад бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчысы Таалайбек Абдувалиев катышты.
Күн тартибиндеги маселе боюнча район жетекчисинин биринчи орун басары Нургазы Нармырзаев доклад жасап, өткөн жылдагы район аймагындагы аткарылган иштер, жаратылган ийгиликтер жана келин чыккан көйгөйлөр тууралуу кеңири кеп болду. Ошондой эле жыл ичинде жакшы иштери менен көрүнгөн бир катар эмгек жамааттарына, жетекчилерге, айыл аймактарына сыйлыктар ыйгарылды.
Эң башкысы, быйылкы жылда ишти жакшыртуу жана алдыдагы милдеттерди толук кандуу ишке ашыруу боюнча кеп козголду.